ОКУУ ЖАЙЛАР АРАСЫНДА ТЕОЛОГИЯЛЫК СЫНАК УЮШТУРУЛДУ
Posted By: Admin Дата: 2022-12-13 10:32:51 Просмотров:926

12-декабрда И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык билимдер факультетинин теология кафедарасы тарабынан Ишеналы Арабаевдин 140 жылдык мааракесине карата “Билим жарышы” аталышында теологиялык окуу жайлар арасында кароо сынак өткөрүлдү. Аталган сынакка Кыргыз – Түрк Манас Университетинин, Ош МУнун Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин, Кыргызстан Ислам университетинин, Расул Акрам атындагы Ислам институтунун жана И.Арабаев атындагы КМУнун теология кафедрасынын студенттери катышышты.
Студенттердин билим деңгээлин өстүрүүгө жана таалим-тарбиясын күчөтүүгө багынтталган сынактын жыйынтыгында
1-орунду Кыргызстан ислам университети, 2-орунду Арашан гуманимтардык институтунун дин таануу факультети, 3-орунду Расул Акрам ислам институту ээледи. Мыкты оюнчу Алтынбек уулу Жакшылык, мыкты ролик- Кыргызстан ислам университетиники деп аныкталды. Негизги жеңүүчүлөргө ректордун атынан грамоталар тапшырылды. Ошондой эле, 1-орунга Чынгыз Айтматовдун 8 томдугу, 2-орунга Алыкул Осмоновдун 2-томдугу, Касымалы Баялиновдун 2 томдугу тапшырылды. Ар бир катышуучуга факультеттин атынан сертификаттар жана университтин мааракелик белектер берилди. Андан сырткары Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясы тарабынан ар бир катышуучуга араб тили китеби ыйгарылды.


Top