9-декабрда И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата гуманитардык билимдер факультетинде "Филолог-студенттердин кесипке даярдоодогу практиканын ролу" аталышында тегерек стол өткөрүлдү.
Орус тили жана адабият кафедрасынын 4 курсунун РЛк-119, Фоб-119 тайпасынын студенттери профессионалдык-профилдик практика учурунда уюштурулган иш-чаралар, ачык сабактарын, аткарган иштерин, жетишкендиктерин, көйгөйлөрүн кызуу талкуулашты. Иш чарага факультеттин деканы Ө. Карымшаков, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.