Гуманитардык билимдер факультетинин студенттери эл аралык психология боюнча олимпиадада гран-прини ээлешти
Posted By: Admin Дата: 2022-12-14 16:35:51 Просмотров:1874

7-8-декабрда В.М. Шукщин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык педагогикалык университетинин педагогика жана психология институт тарабынан “Психология: теориядан практикага” деген аталышта бүткүл Россиялык дистанцондук студенттик олимпиада өткөрүлдү. Аталган олимпиадага И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Гуманитардык билимдер факультетинин психология кафедрасы тарабынан уюшулган "Психея" командасы катышты.

Жалпысынан 25 команда катышкан, бул олимпиадада "Психея" командасы гран-прини  ээледи. Команданын жетекчиси Ольга Игоровна Кравченко, команданын мүчөлөрү; Ким Малика, Мамутов Фатима, Акимова Орозгүл, Галиева Амина, Керимова Насихат.

"Психея" командасын жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!


Top