23-декабрда "Кыргыз жараны" концепциясынын контекстинде "Кыргыз Республикасында жаштардын коомду өнүктүрүүдөгү ролу" аттуу II Республикалык илимий-практикалык жаштар симпозиуму өттү. Аталган илимий жыйынга өлкөнүн ар башка аймактарынан келген 60тан ашуун жаш илимпоз катышты.
Симпозиумда Гуманитардык билимдер факультетинин теология кафедрасынын магистранты Асылбек Молдокматов "Роль и влияние исламской экономики в трудоустройстве молодежи" аттуу доклады үчүн 3-даражадага диплом менен сыйланды. Асылбек Молдокматовду жана анын жетекчиси Кытайбек Утуровду ийгилиги менен куттуктайбыз!