19-майда И.Арабаев атындагы КМУнун гуманитардык билимдер факультети орто мектеп окуучулары үчүн онлайн режиминде Ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Жолугушууга Бишкек шаарындагы жана аймактардагы мектептердин, тактап айтканда, Алай районундагы А. Бекташев атындагы № 24 мектептинтин, Жоро Алимова атындагы № 27 мектептин, Келдибай Тайчабаров атындагы № 29 мектептин жана аталган райондогу ж.б. мектептердин окуучулары ошондой эле Ноокен районундагы мектептер, Бишкек шаарындагы мектептерде билим алган окуучулар катышышты.