16-ноябрь күнү Гуманитардык билимдер факультетинде Эл аралык студенттер күнүнө арналган иш -чара өткөрүлдү. Жалпы факультеттин студенттерин куттуктоо менен бирге 1-курсту 'Студент" болушкандары менен 4-курстун студенттери куттуктап, белектерин тапшырышты.
Ошондой эле мыкты окуган, коомдук иштерге активдүү катышкан студенттер Ардак Грамота менен жана факультеттер арасында өткөн Спартакиадада 1-орунга ээ болгон студенттерди жетекчилик куттуктап, белектер тапшыруу аземи болду.