Ийгилик жараткан Гуманитардык билимдер факультетинин студенттери
Posted By: Admin Дата: 2021-11-24 15:08:07 Просмотров:2888

И. Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык билимдер факультетинин "Экономика жана башкаруу" кафедрасынын Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытында окуп жаткан 2-курстун студенттери Алимова Нурайым жана Маматиса кызы Акылай аз убакыттын ичинде мыкты жетишкендиктерди көрсөтө алышты.
 
Өнүгүп өсүүгө аракети болгон, илимге, билимге умтулган студенттерибиз жакында эле  факультеттин "Мактоо баракчасын" алышкан, ал эми 23-ноябрда университеттин деңгээлинде "Илим" күнүнө карата уюштурулган иш чарага Алимова Нурайым активдүү катышкандыгы үчүн жана академиялык жазуудагы жетишкендиктери үчүн дагы бир сертификат менен сыйланды. 
 
Факультетибиз келечектеги мамлекеттик кызматкерлер менен сыймыктанат. Мамлекеттин кадрлары билимдүү, активдүү жана ар-тараптуу болушу зарыл. Мамлекетти кадрлар башкарат! Күчтүү кадр-өнүккөн мамлекет!


Top