Гуманитардык билимдер факультетинин экономика жана башкаруу кафедрасынын студенттери Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрь туулган күнүнө карата жазуучунун үй музейинде болушту
Posted By: Admin Дата: 2021-12-09 10:22:55 Просмотров:2757

ГБФнин Экономика жана башкаруу кафедрасынын студенттери кураторлордун коштоосу менен Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрь туулган күнүнө карата жазуучунун  үй музейинде болушту.
Ч.Айтматов  Талас облусуна караштуу Кара-Буура
районундагы Шекер айылында1928-жылы 12-декабрда туулган.
 
Музейдин тааныштыручусу (Гид) Ч.Айтматовдун жашаган үйү менен тааныштырып, көптөгөн кызыктуу маалыматтарды берди. Мисалга алганда, эл аралык уюм ЮНЕСКО
"Чыгармалары көп басылган классиктердин бири”  деп Ч. Айтматовду аташыптыр. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, бир нече ирет чоң тираж менен (1998-ж. жалпы саны 67,5 млн. экз.) кайталанып басылган.
Уюштуруучу кафедранын ага окутуучусу Солтогулова М.У. 
 
Ушул эле теманы улап, 13- декабрга  “Экономика жана башкаруу” – кафедрасынын Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытында  окуп жаткан 2-3- курстардын катышуусу менен ачык куратордук саатка бардык калоочуларды чакырабыз.
Куратордук ачык саат
Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрь 1928-жылы туулган күнүнө, ошондой эле кыргыз поэзиясынын өкүлү, таланттуу акын Алыкул Осмонов 12- декабрь 1950-жылы дүйнө салганына карата өтүлөт деп белгилеп кетебиз.
Өтүлүүчү күн:  “13”-  декабрь  2021-ж.
Өтүлүүчү убакыт:  “11.00”
Өтүлүүчү жер: 10 мкрн, Корпус № 3, “МАЗ”
 
Куратор
Абдылдаева Наргиза
(ГМУ-119, ГМУ-120)


Top