Гуманитардык билимдер факультетинин студенти "Аалам алпы Айтматов" сынагынын жеңүүчүсү болду
Posted By: Admin Дата: 2021-12-21 15:41:08 Просмотров:3655

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата "Аалам алпы Айтматов" темасына дил баян жазууга сынак жарыяланган. Сынактын жеңүүчүлөрүнүн бири Гуманитардык билимдер факультетинин Орус тил жана адабият багытында окуп жаткан ФОБ-120 тайпасынын студенти Анвар кызы Асель I-орунга ээ болду. Ошондой эле Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытында окуп жаткан ГМУ-120 тайпасынын студенти Алимова Нурайым II-орунга ээ болду.

Жеңиштин ээлерине сертификаттар ыйгарылды. Факультет студенттери менен сыймыктанат!


Top