Гуманитардык билимдер факультетинин экономика жана башкаруу кафедрасында салык декларациясы боюнча семинар өтүлдү
Posted By: Admin Дата: 2022-03-12 10:27:18 Просмотров:2890

2022- жылдын 1-апрелине чейин бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу жүргүзүлүп жатат. Ушуга байланыштуу 
Гуманитардык билимдер факультетинин экономика жана башкаруу кафедрасы факультеттин профессордук-окутуучулар курамына  бирдиктүү салык декларациясы боюнча семинар уюштурду. 
 
Семинарды Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын салык төлөөчүлөр  менен иштөө бөлүмүнүн окутуу жана түшүндүрүү секторунун башчысы Калыбаева Бүбүжамила Айтикеевна, текшерүүлөр бөлүмүнүн башкы инспектору Мамбеталиева Анара Зулпукаровна жана жергиликтүү салыктар боюнча  бөлүмүнүн улук инспектору Маметов Бакыт Ибраимовичтер өтүштү. 
 
Семинар жеткиликтүү өтүлдү, катышуучулар маалыматты презентация аркылуу алышты жана ошондой эле кагаз түрүндө декларация таркатылып, толтуруу ыкмасы көргөзүлдү. 


Top