Гуманитардык билимдер факультетинин деканы Ө. Карымшаков менен экономика жана башкаруу кафедрасынын өкүлү А. Акматова семинардын катышуучуларына сертификат ыйгарышты
Posted By: Admin Дата: 2022-03-16 12:40:45 Просмотров:2985

Гуманитардык билимдер факультетинин Экономика жана башкаруу кафедрасы келечектеги мамлекеттик жана  муниципалдык, салык жана салык салуу кызматкерлерин даярдап чыгарышат. 
 
Болочок кызматкерлер кесипкөй кадр болушу үчүн, кафедра мамлекеттик уюмдар менен биргеликте кызматташышат:
 
Жыл сайын студенттерибиз бекитилген окуу планына ылайык практикалык ишке жөнөтүлүп, теориялық базаны иш жүзүндө бекемдеп турушат.
Салык системасына киргизилген өзгөчөлүктөрдү өздөштүрүү, тажрыйбаны жогорулатуу үчүн кафедра Мамлекеттик салык кызматынын окуу борбору менен тыгыз кызматташып, профессордук окутуучулук курамдарга семинар-тренингтер уюштурулуп турат.  
 
Бүгүн, факультеттин  деканы Карымшаков Ө.А., жана кафедранын өкүлү Акматова А.А., 10-мартта өтүлгөн семинардын катышуучуларына сертификат ыйгарышты, ал эми семинар өтүп берген Мамлекеттик салык кызматкерлерине ыраазычылык кат тапшырылды. 


Top