И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин гуманитардык билимдер факультети, философия жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасы менен биргеликте уюштурган Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган "Илимдин философиясы жана методологиясы" аттуу Республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чарага КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов катышып ачып берди.
Андан соң, "Кыргызстандагы жалпы илимдердин философиясынын абалы", "И. Арабаевдин педагогикалык ишмердүүлүгүнүн заманбаптуулугу: интеграция суроолору", "Илимдин методологиясынын калыптанышы", " Философия жана илимий мекемелер Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий системасында, илимде, маданиятта жана кыргыз руханий турмушунда" деген темаларда пленардык докладдар окулду.
Аталган конференцияга бир нече академик, профессорлор курамы жана Ош шаарынан келген окумуштуу, илимпоздор катышты.