Гуманитардык билимдер факультетинин деканынын орун басары Абдыгазиева Назирага доцент окумуштуулук наамы ыйгарылды
Posted By: Admin
Дата: 2022-06-14 21:59:59
Гуманитардык билимдер факультетинде көп жылдан бери талыкпай эмгектенген декандын орун басары Абдыгазиева Назира Каниметовнага "Доцент" окумуштуулук наамы ыйгарылды.
Факультеттин профессордук- окутуучулар курамы Абдыгазиева Назира Каниметовнаны алган окумуштуулук наамы менен куттуктап, илим жолун улантып, жогорку даражаларды багындырып, Кыргызстандын илим чөйрөсүнө салымын кошуп, жаңы муундарды тарбиялап өстүрө берсин деп каалоо тилек айтышат!