Гуманитардык билимдер факультетинде “Педагогикалык ишмердүүлүктө инновациялык ыкмаларды жана санарип технологияларды колдонуу” аталышында семинар өткөрүлдү.
Posted By: Admin Дата: 2022-12-07 16:41:59 Просмотров:1822

И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата Гуманитардык билимдер факультетинин Филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын ага окутуучулары тарабынан  “Педагогикалык ишмердүүлүктө инновациялык ыкмаларды жана санарип технологияларды колдонуу” деген темада семинар өткөрүлдү.

Аталган иш чарага Педагогика, Гуманитардык билимдер факультетинин жана Мамлекеттик тил жана маданият институтунун профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Семинарда И.Арабаевдин ишмердиги боюнча “Quizizz” программасынан тест, өзүн- өзү баалоо шкаласы, топко бөлүүнүн жолдору жана текст менен иштөөнүн инновациялык ыкмалары колдонулду.  Ошондой эле, алгачкы алиппенин түзүүчүсү И.Арабаев, азыркы алиппенин автору С.Рысбаев жөнүндө тексттер пайдаланылды. Семинардын аягында активдүү катышуучуларга белектер жана сертификаттар тапшырылды.


Top