Кут болсун Нооруз майрамыбыз
Posted By: Admin Дата: 2019-03-22 12:42:54 Просмотров:16186

   19-мартта Гуманитардык билим берүү факультетинде түрк элдеринин улуу майрамы болгон «Нооруз» майрамынын урматына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.

Салык жана салык салуу кафедрасынын жигиттеринен жана Орус тили жана адабияты кафедрасынын кыздарынан түзүлгөн «Сармерден» оюн-зоок майрамдык концерти Филологиялык билим берүү практикалык курсу кафедрасынын ага окутуучусу Нурия Жумадилованын жетекчилиги астында уюштурулду.

Салтка ылайык оюн Манас айтуу менен башталып, майрамды даңазалаган элдик ыр-күү, бийлер менен коштолду.

Элибиздин рухий баалуулуктарын, ажайып бир кооздуктарын, элестүүлөрүн ачып берген макал-лакап, накыл сөз, табышмак, жаңылмачтар «Сармердендин» көркүнө көрк кошту.

Оюнда жеңүүчү деп кыздар тобу аталып, Окуу бөлүмүнүн башчысы Тууганбай Коңурбаев, декан Чынарбек Дүйшөналиев, Профсоюз комитетинин башчысы Эрмек Бектуров, Мониторинг бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Сейталиев активдүү катышуучуларга Ардак грамота тапшырды.

Университеттин короосуна боз үй орнотулуп, Нооруздун негизги белгиси болгон сүмөлөк бышырылып, конокторго сый тамак берилди.


Top