• Гуманитардык билимдер факультетинде Окумуштуулар кеңешинин отуруму өттү

    22-октябрда жылы Гуманитардык билимдер факультетинин деканатында Окумуштуулар кеңешинин отуруму болуп өттү. Күн тартибинде 2020-2021 окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу боюнча кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү маалымат беришти. Жалпы жонунан окумуштуулар кеңеши кабыл алуу комиссиясынын ишин баалап, ыраазычылык билдиришти. 2020 жылы кабыл алуу комиссиясы онлайн түрүндө иш алып барып, факультет кабыл алуу боюнча жакшы жетишкендиктерди көрсөттү. Эгерде 2019 жылы факультет 251 студент кабыл алышса, 2020 жылы 363 абитуриент кабыл алышты.

  • Ак жол сага бүтүрүүчү!!!

    И. Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык билиимдер факультетинин Экономика жана башкаруу кафедрасынын ага окутуучусу, бүтүрүүчү группасына арнап куттуктоо ролик даярдады. Ролик бүгүнкү балдар күнүнө карата даярдалып, эми алардын чындап балалык, санаасыз күндөр менен коштошконун белгилеп кеткиси келди, себеби студенттик күн, бул балалык чактын акыркы тепкичи эмеспи... Ак жол сага бүтүрүүчү!!!

  • Гуманитардык билимдер факультетинде мамлекеттик аттестация ийгиликтүү өтүп жатат

    И. Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык билимдер факультетинде мамлекеттик аттестация бүгүнкү күндүн талабы менен онлайн-режиминде өтүп жатат. Күндүзгү окуудагылар ийгиликтүү аяктап, дистанттык формадагылар тапшырып жатышат. Мамлекеттик аттестация АВН порталы аркылуу тест түрүндө, ал эми катто болсо Jitsi Meet платформасы менен онлайн режиминде болуп жатат.

  • Гуманитардык билимдер факультетинде " Абитуриент 2020" аталышындагы онлайн конференция өттү

    Конференцияда алдын ала бекитилген күн тартибине ылайык, катышуучуларга сөз берилип, жалпысынан быйылкы онлайн режиминдеги үгүт иштери жана абитуриенттерди кабыл алуу тууралуу талкуу болду. Кабыл алуу комиссиянын жооптуу катчысы Ачакеев К.К., 2020-2021-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуу боюнча маалымат берди. "Абитуриент 2020" деген теманын алкагында ГБФда онлайн конференциялар болуп тураарын администрация белгилеп кетти.

  • "Экономика жана башкаруу" кафедрасы быйылкы бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик экзаменге дарядоону видео-сабак аркылуу баштады.

    И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык Билимдер Факультетине караштуу "Экономика жана башкаруу" кафедрасы быйылкы бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик экзаменге дарядоону видео-сабак аркылуу баштады. Мамлекеттик экзаменге даярдоочу видео-сабактар бөлүм болуп чыгарылып турат, ар бир бөлүмдө орчундуу темалар каралып, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан даярдалган роликтер менен коштолот. Видео-сабактын максаты, бүтүрүүчүлөр китеп окуп, маалыматтарды топтоодон тышкары тиешелүү роликтерди көрүшсө маалыматтар эс тутумунда жакшы сакталат. Мындан тышкары АВН порталы аркылуу предметтик мугалимдерге түшүнүксүз суроолорун берип кошумча даярдык көрүшөт.

Top