Гуманитардык билимдер факультетинин студенти "Аалам алпы Айтматов" сынагынын жеңүүчүсү болду
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата "Аалам алпы Айтматов" темасына дил баян жазууга сынак жарыяланган. Сынактын жеңүүчүлөрүнүн бири Гуманитардык билимдер факультетинин Орус тил жана адабият багытында окуп жаткан ФОБ-120 тайпасынын студенти Анвар кызы Асель I-орунга ээ болду. Ошондой эле Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытында окуп жаткан ГМУ-120 тайпасынын студенти Алимова Нурайым II-орунга ээ болду. Жеңиштин ээлерине сертификаттар ыйгарылды. Факультет студенттери менен сыймыктанат!
Гуманитардык билимдер факультетинин, Экономика жана башкаруу кафедрасынын ага окутуучусу, ГМУ-119/ГМУ-120 тайпаларынын куратору Н.У. Абдылдаева 12-декабрь күнүнө карата улуу залкарларыбыз Ч.Айтматов менен А.Осмоновдун элесин эскерип куратордук ачык сабак өткөрдү. Ректораттан илимий изилдөө иштери боюнча проректор Э.Ж.Каниметов келип катышып кетти. Куратордук ачык сабакта мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытынын студенттери өздөрүн келечектеги мамлекеттик системасынын кадрлары, ар-тараптуу жана өнөрлүү жаштар экендигин көргөзө алышты.
ГБФнин Экономика жана башкаруу кафедрасынын студенттери кураторлордун коштоосу менен Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрь туулган күнүнө карата жазуучунун үй музейинде болушту. Ч.Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында1928-жылы 12-декабрда туулган.
Ийгилик жараткан Гуманитардык билимдер факультетинин студенттери
И. Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык билимдер факультетинин "Экономика жана башкаруу" кафедрасынын Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытында окуп жаткан 2-курстун студенттери Алимова Нурайым жана Маматиса кызы Акылай аз убакыттын ичинде мыкты жетишкендиктерди көрсөтө алышты. Өнүгүп өсүүгө аракети болгон, илимге, билимге умтулган студенттерибиз жакында эле факультеттин "Мактоо баракчасын" алышкан, ал эми 23-ноябрда университеттин деңгээлинде "Илим" күнүнө карата уюштурулган иш чарага Алимова Нурайым активдүү катышкандыгы үчүн жана академиялык жазуудагы жетишкендиктери үчүн дагы бир Сертификат менен сыйланды.
Гуманитардык билимдер факультетинде Эл аралык студенттер күнүнө арналган иш -чара өткөрүлдү
16-ноябрь Гуманитардык билиимдер факультетинде Эл аралык студенттер күнүнө арналган иш -чара өткөрүлдү. Жалпы факультеттин студенттерин куттуктоо менен бирге 1-курсту 'Студент" болушкандары менен 4-курстун студенттери куттуктап, белектерин тапшырышты.