• Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытында окуп жаткан студенттер Ишеналы Арабаев жөнүндө кызыктуу ролик даярдашты-ВИДЕО

    Быйыл, 2022-жылы элибизден чыккан агартуучу, саясий ишмер "Алиппенин" автору Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгы. Буга байланыштуу агартуучунун атын алып жүргөн Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытында окуп жаткан студенттер ролик даярдашты. Ролик аркылуу студенттер И.Арабаевдин өмүр баянын, басып өткөн жолун театрлаштыруу аркылуу чагылдырышты. Роликти куратордук сааттын алкагында куратор Абдылдаева Наргиза Уркасымовна даярдады. Ролдорду ГМУ-119/120 тайпаларынын студенттери аткарды.

    Дата:2022-04-15 16:45:17 Просмотров2196 :: Подробнее...
  • Студенты кафедры "Экономики и управления" приняли участие в межвузовской конференции

    Студенты кафедры "Экономика и управление" приняли участие в Международной, межвузовской научно-практической студенческой конференции "Внешнеэкономическая деятельность: тенденции и приоритеты развития страны", прошедшей 23 марта в КЭУ им. М Рыскулбекова. Целью конференции было привлечение студенческой молодёжи к исследовательской деятельности, обоснование и выбор наиболее эффективных путей включения Кыргызстана в русло мирового экономического развития, а также реализация творческого потенциала студентов, расширение контактов ВУЗов в сфере научно-исследователькой деятельности. Студентка 2-го курса Факультета гуманитарных знаний Маматиса кызы Акылай гр. ГМУ-120 удостоена дипломом третьей степени.

    Дата:2022-03-23 15:33:05 Просмотров7275 :: Подробнее...
  • Гуманитардык билимдер факультетинин деканы Ө. Карымшаков менен экономика жана башкаруу кафедрасынын өкүлү А. Акматова семинардын катышуучуларына сертификат ыйгарышты

    Гуманитардык билимдер факультетинин Экономика жана башкаруу кафедрасы келечектеги мамлекеттик жана муниципалдык, салык жана салык салуу кызматкерлерин даярдап чыгарышат. Болочок кызматкерлер кесипкөй кадр болушу үчүн, кафедра мамлекеттик уюмдар менен биргеликте кызматташышат: Жыл сайын студенттерибиз бекитилген окуу планына ылайык практикалык ишке жөнөтүлүп, теориялық базаны иш жүзүндө бекемдеп турушат. Салык системасына киргизилген өзгөчөлүктөрдү өздөштүрүү, тажрыйбаны жогорулатуу үчүн кафедра Мамлекеттик салык кызматынын окуу борбору менен тыгыз кызматташып, профессордук окутуучулук курамдарга семинар-тренингтер уюштурулуп турат.

    Дата:2022-03-16 12:40:45 Просмотров2984 :: Подробнее...
  • Гуманитардык билимдер факультетинин экономика жана башкаруу кафедрасында салык декларациясы боюнча семинар өтүлдү

    2022- жылдын 1-апрелине чейин бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу жүргүзүлүп жатат. Гуманитардык билимдер факультетинин экономика жана башкаруу кафедрасы факультеттин профессордук-окутуучулар курамына бирдиктүү салык декларациясы боюнча семинар уюштурду. Семинарды Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн окутуу жана түшүндүрүү секторунун башчысы Калыбаева Бүбүжамила Айтикеевна, текшерүүлөр бөлүмүнүн башкы инспектору Мамбеталиева Анара Зулпукаровна жана жергиликтүү салыктар боюнча бөлүмүнүн улук инспектору Маметов Бакыт Ибраимовичтер өтүштү.

    Дата:2022-03-12 10:27:18 Просмотров2889 :: Подробнее...
  • Гуманитардык билимдер факультетинде "Тил-достуктун ачкычы" аттуу иш - чара болуп өттү

    21-февраль "Эл аралык эне тил" күнүнө карата гуманитардык билимдер факультетинде ага окутуучу Н.С.Жумадилова уюштурган "Тил-достуктун ачкычы" аттуу темада иш-чара болуп өттү. Иш-чарада студенттер 6 улуттун тилинде ыр-бийлерди аткарышып, каада-салттарын көрсөтүштү. Иш-чаранын аягында мыкты группаларга, мыкты аткаруучуларга диплом, мактоо баракчалары тапшырылды.

    Дата:2022-02-22 15:41:56 Просмотров2696 :: Подробнее...
Top