17-ноябрь Эл аралык студенттер күнү
Гуманитардык билимдер факультети
Гуманитардык билимдер факультетинде көп жылдан бери талыкпай эмгектенген декандын орун басары Абдыгазиева Назира Каниметовнага "Доцент" окумуштуулук наамы ыйгарылды. Факультеттин профессордук- окутуучулар курамы Абдыгазиева Назира Каниметовнаны алган окумуштуулук наамы менен куттуктап, илим жолун улантып, жогорку даражаларды багындырып, Кыргызстандын илим чөйрөсүнө салымын кошуп, жаңы муундарды тарбиялап өстүрө берсин деп каалоо тилек айтышат!
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин гуманитардык билимдер факультети, философия жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасы менен биргеликте уюштурган Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган "Илимдин философиясы жана методологиясы" аттуу Республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чарага КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов катышып ачып берди. Андан соң, "Кыргызстандагы жалпы илимдердин философиясынын абалы", "И. Арабаевдин педагогикалык ишмердүүлүгүнүн заманбаптуулугу: интеграция суроолору", "Илимдин методологиясынын калыптанышы", " Философия жана илимий мекемелер Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий системасында, илимде, маданиятта жана кыргыз руханий турмушунда" деген темаларда пленардык докладдар окулду.