Гуманитардык Билимдер факультети онлайн сабактарын талапка жооп бергидей өткөрүп жатышат
И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык Билимдер факультетинин профессордук окутуучулар курамы бүгүнкү күнү баардык талапка жооп бере турган онлайн сабактарын өткөрүп жатышат. Мисалы, Экономика жана башкаруу кафедрасы Zoom менен өтүүчү онлайн сабактан, АВН порталындагы окутуулардан, WhatsApp менен байланышуу иштеринен тышкары видео-сабактарын, үндүн коштоосу менен жасалган презентацияларын YouToube каналына жүктөп, ошондой эле жаштардын талабы менен ар кандай "челендж" таймашууларын өткөрүп, онлайн сабактарга кызыгууну артырганга аракет көрүшүүдө.
Студенттер кыргыз тили боюнча таймашышты
И. Арабаев атындагы КМУнун филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын окутуучулары Калыбаева Анаркан жана Сыдыкова Жыргалбү тарабынан бүткүл дүйнөлүк эне тилдин эл аралык күнүнө карата “Эне тил улуттун жаны” аттуу факультеттер аралык, студенттер арасында кыргыз тили боюнча таймаш өттү. Таймашка гуманитардык факультеттерден МО (В) -1-9; СЭОБ-11-19; Ф/В 1-19; Ж-1-19 группаларынын студенттери “Улуу мурас” аталышындагы топ түзүп катышышса, так илимдер факультеттеринен ФМО-Ф-11-19; ФМО-М-13-19; группаларынын студенттери “Жашасын МИФ” тобун түзүп катышып, биринчи орунду алып, жеңишке жетишишти.
КГУ им.И. Арабаева прошли обучение в тренинге для тренеров
Обучение в тренинге
Гуманитардык билим берүү факультетинде "Инклюзивдик билим берүү" боюнча лаборатория ачылды
2019-жылдын 4-майында И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык билим берүү факультетинин Психология кафедрасында "Инклюзивдик билим берүү" боюнча атайын лабораториянын ачылыш аземи болду.
И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык билим берүү факультетинин Салык жана салык салуу, Психология, Орус тили, Теология багыттарынын (бакалавр) студенттеринин өндүрүштүк жана педагогикалык практикасынын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү.